Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи

Кыргызстан хоккей боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи

Бишкек шаарында хоккей боюнча үчүнчү дивизиондун («А» тайпасы) дүйнө чемпионаты аяктады.

Бир күн мурун финалдык турда кыргызстандык хоккейчилер Түштүк Африканын командасы менен беттешип, аларды 10:1 эсебинде утуп алды.

«А» тайпасында Таиланд, Мексика, Люксембург, Түркмөнстан, Түштүк Африка жана Кыргызстан курамалары беттешкен. Биздин команда бир оюндан тышкары төрт беттеште жеңишке жетип, биринчи беттешинде Таиландга 4:9 эсебинде утулуп калган.

Тайланддын курама командасы 4 оюнда тең жеңишке жетишип, 12 упай топтогон. Муну менен мөөнөтүнөн мурда 1-орунга ээ болуп, кийинки жылы 2-дивизиондо ойноо мүмкүнчүлүгүн алды.

Бул жыйынтык Кыргызстан командага дүйнө чемпиондугунун экинчи дивизионуна кирүүгө мүмкүндүк бербейт жана Таиланд курамасы мындай мүмкүнчүлүккө ээ болду, анткени жогорудагы дивизиондо «А» тайпасынын жеңүүчүсү гана ойноого укуктуу.

Ал эми Кыргызстандын курама командасы Түштүк Африканын командасын жеңип, дивизиондун күмүш медалын алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>