Жалал-Абадда жашыруун медресе аныкталып, айып салынды

Жалал-Абадда жашыруун медресе аныкталып, айып салынды

Жалал-Абадда жашыруун медресенин (хужра) ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан 1998-жылы туулган диний билими жок Кыргызстандын жараны М.Х.А. жашаган жеринде диний сабактарды уюштургандыгы, 6 жаштан 9 жашка чейинки балдарга (12 бала), сабактар күн сайын саат 09:00-12:00дөн тартып өткөрүлгөндүгү, сабактар өткөрүлгөн жайлар санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык келбегендиги (жараксыз жана салкын бөлмөлөр), колдонулган адабияттар Кыргызстан Мусулмандар дин башкармасы тарабынан текшерүүдөн өтпөгөндүгү, айрым балдар узак убакыт бою орто мектепте окушпаганы аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын жараны М.Х.А.га карата «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамдын 8, 10-беренелерин жана «Укук бузуулар жөнүндө» КР кодексинин 142-беренесинин 1-бөлүгүн бузуу жөнүндө актылар жана протоколдор түзүлүп, 7500 сом айып салынды.

Мындан тышкары, жашы жете элек балдардын, окуучулардын ата-энелери менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, социалдык кызматкерлер тарабынан орто мектептерде жашы жете элек балдарды калыбына келтирүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>