ДКО-2026: Ысык-Көлдө көчмөн цивилизациялары боюнча эл аралык илимий конференция өтөт

3-сентябрда Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эл аралык илимий конференция өтөт. Иш-чара Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда уюштурулат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги билдирди.
Конференциянын максаты — көчмөн цивилизацияларынын тарыхый мурасын, философиясын, маданиятын жана каада-салттарын изилдөө үчүн дүйнөлүк илимий коомчулуктун башын бириктирүү. Иш-чара номадологияны заманбап илимий багыт катары өнүктүрүүгө жана эл аралык академиялык байланыштарды чыңдоого багытталган.
Жыйынга дүйнөнүн 30га жакын өлкөсүнөн алдыңкы окумуштуулар, эксперттер жана илимий борборлордун өкүлдөрү катышат. Катышуучулардын арасында Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, Азербайжан, Түркия, АКШ, Германия, Жапония, Сауд Арабия, Түштүк Корея жана башка мамлекеттердин өкүлдөрү бар.
Конференцияда төмөнкү маселелер талкууланат:
- көчмөн элдердин тарыхый жана маданий мурастары;
- көчмөн философиясы жана баалуулуктары;
- номадологияны изилдөөнүн заманбап ыкмалары;
- биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлору жана академиялык алмашуу.