Кыргызстан колдонгон транзиттик жол боюнча түшүндүрмө (видео)

Кыргызстан колдонгон транзиттик жол боюнча түшүндүрмө (видео)

УКМКнын Чек ара кызматы Бишкек – Нарын — Торугарт унаа жолундагы (айланма жол, Чүй) Казакстанга тиешелүү транзиттик тилке боюнча түшүндүрмө берди.

Чек ара кызматы билдиргендей, аталган жолдо Казакстанга караштуу 800 метр узундуктагы  транзиттик  тилке бар. Казак тарап аталган жерде инженердик тосмолорду орнотууда.

«Буга чейин транзиттик жолдун бул тилкесинде казак тарап спираль түрүндөгү убактылуу көчмө тосмо коюшкан. Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн жарандары үчүн Казакстандын аймагындагы «Азия» жана «Достык» май куюучу станцияларына жол жабык. Бирок транзиттик жолдогу бул тилке жол жүрүү үчүн ачык бойдон калууда», — деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, 4-майда Казакстандын Чек ара кызматынын чек арачылары кыргыз тарап менен макулдашкандан кийин өз аймагындагы бул жолдун ачык тилкелеринде инженердик тосмолорду орното баштаган. Кыргызстандын аймагынан транзиттик жолго кире бериштин эки тарабында тең кошумча жол белгилери, транзиттик жолдон өтүү жөнүндө эрежелер менен маалымат такталары орнотулган.

Чек ара кызматы Кыргызстандын жарандарын транзиттик жолдон өтүү эрежелерин сактоого чакырат: токтобой өтүү керек, адамдарды унаа салууга/түшүрүүгө, жүктөрдү жана башка заттарды түшүрүүгө/жүктөгө болбойт.

«Транзиттик жолдон өтүү эрежелерин бузган учурларда Казакстандын чек арачылары тарабынан Казакстандын мыйзам чегинде административдик айып пул салынат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарда Казакстандын чек арачылары Кыргызстандын жерине өтүп, Чүйдөгү айланма жолдун боюна тосмо орнотууда деген видео чыккан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>