Сокулук: Уурулардын үйлөргө кирип жатканы видеого түшүп калган

Сокулук районунун Новопавловка айылында уурулардын үйлөргө кантип кирип жатканы видео байкоого түшүп калган. Бул видео социалдык тармактарга тарады.

Видеодо жаран бир түндүн ичинде 5 үйдү тоноп кеткенин, унааларды тетиктерин уурдап жатканын айтып берип жатат. Ошондой эле видеодо жакшы көрүнбөй калгандыктан автор уурунун кантип үйгө кирип жатканын баяндап берет. Анын айтуусунда көчөлөрдө электр энергиясынын өчүп жатканынан пайдаланып уурулар унааларды тоноп жатат.

 

Видео качан тартылганы туурасында так маалымат жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>