Кыргызстан менен Азербайжан аба каттамдарын калыбына келтирүүнү талкуулашты

Кыргызстан менен Азербайжан аба каттамдарын калыбына келтирүүнү талкуулашты

Азербайжан Кыргызстан менен аба байланышын калыбына келтирүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат бөлүмү билдирди.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев санариптик өнүгүү жана транспорт министри Рашад Набиев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Президент Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына иш сапарынын жемиштүү жыйынтыктарын белгилешти, бул келечекте кошумча дем берип, тараптарга мамилелердин бардык спектринде кызматташуунун сапаттык жаңы деңгээлине чыгууга мүмкүндүк берет.

Атап айтканда, элчи менен министр эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын калыбына келтирүү, Кыргызстандын жүк ташуучулары үчүн Каспий деңизи аркылуу паромдордун жеңилдетилген тарифтерин берүү, жүк ташуу үчүн уруксат бланктарын көбөйтүү, ошондой эле Кыргызстандын жүк ташууларынын мүмкүнчүлүктөрүн иш жүзүндө колдонуу маселелерин кеңири талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган маселелердин үстүндө иштөөнү улантуу жана Кыргызстан менен Азербайжандын компетенттүү органдарынын ортосундагы байланышты активдештирүү боюнча макулдашышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>