Акыйкатчы журналист Темировдун иштери боюнча үн катты

Акыйкатчы журналист Темировдун иштери боюнча үн катты

Акыйкатчы Атыр Абдырахматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына иликтөөчү журналисттин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча жазды.

“Акыйкатчы катары бардык тараптардын пикирин угуу милдетин эске алып, Акыйкатчы институтунун аппараты 20-апрелде бул иш боюнча маалымат берүү өтүнүчү менен Ички иштер башкы башкармалыгына кайрылган. ИИББ азыркыга чейин расмий жооп бере элек, алар маалымат берүү үчүн эки жумалык мөөнөткө таянышы мүмкүн.

Бул аралыкта Ички иштер министрлигинин кызмат адамдары күнөөсүздүк презумпциясын эске албай, тергөөнүн чоо-жайын ачык коомчулукка жарыялашты.

Бүгүнкү күндө баарыбызга маалым болгондой, Ички иштер министрлиги тергөөнү аяктап, айыптоо актын түзүп (коомчулук алдын ала боолгологондой) жана кылмыш ишинин материалдары Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 262-беренесинин негизинде изилдеп, чечим кабыл алуу үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилген.

Ачык булактардагы маалыматтарды талдап, Болот жана анын жактоочусу менен сүйлөшкөндөн кийин, эмне үчүн укук коргоо кызматкерлери кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кылмыш ишин токтотуу жөнүндө ченемди колдонбогону түшүнүксүз, анүстүнө мен билгендей мындай өтүнүч менен Б. Темировдун жактоочулары тергөөгө кайрылышкан.

Акыйкатчы институту катары биз адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышын контролун ишке ашырабыз жана биз үчүн, мыйзам үстөмдүгүн камсыздоо маселесинде, адамдын конституциялык укуктарынын сакталышын көзөмөлдөгөн орган катары прокуратуранын позициясы маанилүү.

Б. Темировго козголгон кылмыш иштеринин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү изилдөөгө юридикалык баа бериши керек болгон прокурорлордун кесипкөйлүгүнө ишенем.

Мындан тышкары, прокуратура органдары тергөөнүн жүрүшүнө укуктук баа берүү менен, КР ЖПК 167-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарын, иштин тараптары аткаруу тууралуу позициясын билдиришет деген ойдомун. Бул беренеде, баардыгыбызга маалым болгондой кылмыш иши боюнча тергөөдө алынган маалыматтар ачыкталбастыгы кепилденген.

Маалымат үчүн айта кетейин, Акыйкатчы институту буга чейин Башкы прокуратурага төмөнкүдөй суроо-талаптарды кошумча жөнөттү:

1) Кылмыш-жаза кодексинин 378, 379-беренелери менен козголгон кылмыш иштери боюнча 2020-жылдан берки жалпы статистиканы берүү тууралуу;

2) Улуттук коопсуздук органдары жана ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде каралган иштердин саны жөнүндө маалыматтарды берүү тууралуу.

Маселени мындан ары системалуу иликтөө үчүн, бүгүнкү күндө ошондой эле УКМКга, ИИМге эркек-журналисттер, блогерлер жана активисттерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 378, 379-беренелеринин алкагында Б. Темировдун ишине окшогон башка иштер тууралуу маалымат берүү боюнча суроо-талабы жиберилди”- деп жазды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>