«Каракол» аэропортунда эл аралык каттамдарды ишке киргизүүгө даярдык жыйынтыкталууда

31.07.2026 | 13:50
«Каракол» аэропортунда эл аралык каттамдарды ишке киргизүүгө даярдык жыйынтыкталууда — Новости Кыргызстана

«Каракол» эл аралык аэропорту алгачкы эл аралык каттамдарды кабыл алууга даярданууда. Бул тууралуу «Кыргызстандын аэропорттору» ААК билдирди.

Компаниянын маалыматына ылайык, учуу-конуу тилкесин узартуу долбоорунун даярдыгы 95 пайызга жетти.

Негизги курулуш иштери толугу менен аяктады. Учуу-конуу тилкесинин жаңы бөлүгүнө заманбап жарык-сигнал берүүчү жабдуулар орнотулду. Учурда аларды техникалык ишке киргизүү, жөндөө жана колдонуудагы система менен интеграциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Август айынын ортосунда биринчи техникалык эл аралык каттамды аткаруу пландалууда. Ошол эле учурда авиакомпаниялар менен туруктуу эл аралык каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААК белгилегендей, аэропортту модернизациялоо өлкөнүн авиациялык инфраструктурасын жаңылоо боюнча президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында ишке ашырылууда. Компаниянын маалыматына ылайык, эл аралык каттамдардын ачылышы Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын эл аралык аба каттамдарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Scroll to Top