Кытайдагы жер титирөөдөн 120дан ашык адам каза болду. Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

Кытайдагы жер титирөөдөн 120дан ашык адам каза болду. Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге өлкөнүн Ганьсу жана Цинхай провинцияларында жер титирөөнүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Жер титирөөнүн кесепетинен Кытай Эл Республикасынын Ганьсу жана Цинхай провинцияларында көптөгөн адамдардын курман болгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз”, — деп айтылат телеграммада.

Белгилей кетсек, Кытайдын түндүк-батышындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 126га жетти, ал эми 536 адам ар кандай жаракат алды.

Бир күн мурун саат 23:59да күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө Кытайдын түндүк-батышындагы Ганьсу провинциясында болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>