Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Өзгөн жана Алай райондоруна жаңы акимдер дайындалды
24.08.2023 | 20:33
Президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн жана Алай райондорунун акимдерин дайындады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Президенттин буйругу менен Шабдан Абыкаев берген арызына ылайык, Ош облусунун Өзгөн районунун акими кызматынан бошотулду.
Анын ордуна буга чейин Алай районунун акими болуп иштеп келген Каныбек Апбасов дайындалды. Ал эми Алай районунун акими болуп Азамат Кожомамбетов дайындалды.
Ал буга чейин Ысык-Ата районунун Краснореченск айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом