Батыштын санкциялары Кыргызстанга жана Борбор Азияга кандай таасир этүүдөБишкекте үй жаныбарларын кармоонун жаңы эрежелери даярдалуудаӨкмөт башчы орусиялык кинорежиссёр Никита Михалковго «Достук» орденин тапшырдыБишкекте ээси жок жаныбарлар үчүн муниципалдык башпаанек ачылышы мүмкүнАКШ президенти өзөктүк куралды сыноону баштоо тапшырмасын бергенин билдирдиОш шаарында аталышы кыргызча жазылбаган кафе-дүкөндөрдүн жазуулары алынууда    
  Кыргызстан менен Казакстандын премьер-министрлери кол койгон документтердин тизмеси
            12.07.2019 | 16:40        
		Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча 8 документтке кол коюлду. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Кол коюлган документтердин тизмеси:
- “Элет Агрохолдинг” ЖЧК жана “Continental Agro Trade” ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
 
- “Хайтун» ЖЧК жана «Continental Agro Trade” ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
- “Дордой Базары” ЖЧК жана “Continental Agro Trade” ЖЧШ ортосундагы айыл-чарба продукциясын соода-сатык жаатында кызматашуу жана өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
- АК “ЭСК «KazakhExport”, ЖЧШ “AAEngineering Group” жана ЖЧШ “Глобал Джамгыр Майнинг” ортосундагы кызматташуу жөнүндө келишим;
- ДАМУ” “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” АК менен “Кепилдик фонду” ААК ортосундагы өз ара түшүнүү жөнүндө меморандум;
- Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы жана Казакстандын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин ортосундагы эки тараптуу экономикалык кызматташуу жана салык башкаруу иш-аракеттер планы;
- Кыргызстандын Транспорт жана жолдор министрлиги менен Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлигинин ортосундагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
- VIII кыргыз-казак Өкмөт аралык кеңештин протоколу;
- 2012-жылдын 11-майындагы кыргыз жана казак жарандарынын эки өлкөнүн жарандарын аймагында болуу тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
	 
                                 
                                 
                                 
                                 
                                