Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бишкекте жасалма спирт ичимдиктерин даярдаган жай аныкталды (фото)
12.07.2019 | 16:01
Бишкекте жашыруун түрдө жасалма спирт ичимдиктерин даярдап келген жай аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш-өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Аталган министрлик Финпол менен биргеликте Ош базарына жакын жердеги жашыруун жайды текшерүү учурунда далил катары,
- колго жасалган жабдуулар (суюк нерселер куюла турган пластикалык идиш) этил спирти жыттанган спецификалык жыты бар суюктук;
- маркасы жок жана жасалма маркалары менен ар түрдүү аталышы менен ийри өлчөмдөгү бөтөлкөлөргө куюлган даяр алкоголдук продукциялар;
- арак ичимдиктер куюлган бөтөлкөлөрдүн оозун жабуу үчүн бир кутуча жана бир кап жабуу капкактар;
- 974 даана жасалма акциздик маркалар;
- ар түрдүү спирт ичимдиктеринин этикеткалары жана бош бөтөлкөлөр табылган.
Материалдар түзүлгөндөн кийин спирт ичимдиктери экспертиза жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финпол) убактылуу сактоочу жайына коюлган.
Учурда бул факт Финпол тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Рубрики: Окуялар