Кыргызстан менен Кытай мал чарба багытында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай мал чарба багытында кызматташат

Кыргызстан менен Кытай мал чарба багытында кызматташат. Бул тууралуу Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-19-январь күндөрү министрдин орун басары М.Алияскаровдун катышуусунда Кытайдын Пекин шаарында айыл чарба жана мал чарбасы тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган бир катар маселелер талкууланды.

М.Алияскаров өз сөзүндө Кытай менен айыл чарба тармагындагы өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жана эки өлкөнүн артыкчылыктары катары айыл чарбасына инновациялык ыкмалар, сууну туруктуу пайдалануу жана мал чарбачылыгынын заманбап ыкмалары сыяктуу негизги аспектилерди белгиледи.

Кыргызстандын аймагында алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана айыл чарба продукциясынын сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү заманбап лабораторияны куруу маселесин талкуулоого көңүл бурулду.

Министрдин орун басары мындай инфраструктуралык долбоорлордун улуттук экономиканы чыңдоо жана айыл чарба тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара сооданы өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушууда ошондой эле айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт азыктарын импорттоо жана экспорттоо маселелери талкууланды. Тараптар сооданы оптималдаштыруу жана айыл чарба рыногунун туруктуулугун камсыздоого көмөк көрсөтүү боюнча пикир алмашышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>