Бишкектеги гимназия кайра Баткенге кеткен окуучулардын документтерин бербей жатат

Бишкектеги гимназия кайра Баткенге кеткен окуучулардын документтерин бербей жатат

Баткендеги акыркы куралдуу кагылышуудан кийин борбор калаага келип, Бишкек шаарындагы №1 гимназия-интернатта убактылуу окуган окуучулар эми документтерин алып кете албай жатышат. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ак-Сай айылынын тургуну Бүбүсалиха Эгембердиева билдирди.

Анын айтымында, гимназиянын директору үч бала үчүн 17 миң 600 сом төлөөнү талап кылууда.

«Неберелерим гимназияда өткөн жылдан бери окуп жатышкан. Быйыл Ак-Сайда үйлөрү, мектеби бүттү. Айылга барганда, келип жашагыла дешиптир. Бул жактан документтерин алып кетели десек, «акыркы жарым жыл үчүн жатакана жана тамак-аштын акысын төлөгүлө» деди. Чек арадагы айылда кайдагы жумуш? Ал үчүн балдары менен кайра Бишкекке келип, иштеп, төлөп анан кетиши керек», — дейт Бүбүсалиха Эгембердиева.

Аталган гимназиянын директору Жыргалбек Курманбековдун айтымында, 2022-жылы Баткенден келген 71 бала окууга кабыл алынган. Алардын 30у өткөн окуу жылынын аягында кетишкен.

«Баткенден келген атайын чечимдин негизинде былтыркы окуу жылы үчүн акча төлөгөн жок. Быйылга андай чечим жок», — дейт директор.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>