Бакыт Төрөбаев быйыл айыл чарба тармагында жасалчу иштерди айтты

Бакыт Төрөбаев быйыл айыл чарба тармагында жасалчу иштерди айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 2024-жылы ишке аша турган 100 ири долбоорлордун алкагында айыл чарба тармагында аткарыла турган иштерге токтолду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында 2024-жылга карата суу ресурстары, айыл чарба багытындагы үрөөнчүлүк, көчөт, тоют, кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачуу жана экспортту жогорулатуу боюнча негизги төрт багыттын айланасында план түзүлдү.

“Биз чакан суу сактагычтарды курабыз. Анын жанына тамчылатып сугарууну киргизебиз. Ал жерден дыйкандар өзүнүн айдоо аянтына суу алат. Биз алгач дыйкандардан эмне эгээрин сурайбыз. Андан соң ошол жерге кайра иштетүү киргизилип, андан кийин экспортко чыгууну көздөйбүз. Анын баары банктын коштоосунда болот. Ар бир кыймылын банк көзөмөлдөп, ар бир тыйынына чейин карап чыгат. Мына ошондо ал долбоорлордун айланасында окумуштуулар керек болот. Ошол себептүү ректорлорго ар бир долбоорго катышып сунуш берүүгө чакырам”, — деди Бакыт Төрөбаев.

Ал ошондой эле, ушул жылдын 15-январына чейинки айрым статистикалык маалыматтарга токтолду. Анын айтымында эки жуманын аралыгында Кыргызстанга балык менен мал чарбага 6,5 миң тоннага жакын тоют, 1,5 миң тоннадан ашуун тоок эти, 3 млнго жакын жумуртканын даанасы импорттолгон. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары эми ушул эсептөөлөрдөн кийин ички керектөөлөрдү жабуу үчүн ишке ашырыла турган ири долбоорлорго токтолду.

Маселен быйыл Чүй облусунда сыйымдуулугу 60 миң тонна картошка сактоочу ишкана курулат. “Үмүт жана Ко” ЖЧК тарабынан демилгеленген долбоор үчүн 20,0 га жер бөлүнүп берилди, учурда техника-экономикалык негиздемеси түзүлүлүүдө жана үч жылдык мөөнөткө насыя берүү чечимин кароо иштери жүрүүдө.

Ошондой эле, Ош облусунда жылына 80 миң тонна пахта жыйноочу ишкерлик ишке киргизилет, мындан тышкары өлкөнүн башка аймактарында булгаары өндүргөн завод курулат, Кытайдын тажрыйбасында ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория ачылат, кездеме чыгаруу, сүт, мал этин, тоок этин өндүрү жана дан азыктары тармагында да бир топ ири долбоорлор ишке ашырылат.

Мунун баарын тизмектеп жатып Бакыт Төрөбаев жогоруда айтылган иштердин басымдуусу жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жеткиликтүү ишинен улам натыйжага ээ болоорун билдирди.

Белгилей кетсек, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, акимдер, ЖОЖдордун ректорлору үстүбүздөгү жылдын 22-26-январь күндөрү буга чейин аткарылган иштерди, алдыдагы пландарды талкуулаган жыйынга катышууда, отурумдун бүгүн экинчи күнү. Жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жыйындан тышкары  окуу семинарларга катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>