Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн дээрлик 35 чакырым браконьердик тор чыгарылды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жүргүзүлгөн рейддердин учурунда Ысык-Көл көлүнөн 4 100 метр эски синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Текшерүүлөр президенттин жарлыгын аткаруунун алкагында 13–14-июль күндөрү жүргүзүлдү.
Торлордон тышкары, адистер көлдүн түбүнөн 60 килограммга жакын тиричилик таштандыларын алып чыгып, суу аймагын тазалашты.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Ысык-Көлдө 79 рейд өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында көлдөн болжол менен 35 миң метр синтетикалык балык уулоочу тор жана бир тоннага жакын таштанды чыгарылган.
Министрликтен белгилешкендей, мындай рейддер балык ресурстарын сактоо, мыйзамсыз балык уулоону токтотуу жана көлдүн экологиялык тазалыгын сактоо максатында туруктуу негизде өткөрүлүп турат.