Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖдорунун дипломдорун өз ара таануу маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Өзбекстандын ЖОЖдорунун дипломдорун өз ара таануу маселеси талкууланды

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү жана илим чөйрөсүндө, анын ичинде суу ресурстары, климаттын өзгөрүшү жана экология тармагындагы илимий изилдөөлөр боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө байланышкан маселелер талкууланды.

Ошондой эле Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу сыяктуу ири инфраструктуралык долбоорлор үчүн квалификациялуу кадрларды даярдоонун маанилүүлүгү, экология, айыл чарба жаатындагы билим берүү программаларын өнүктүрүү тууралуу сөз болгон.

Аны менен катар жолугушууда эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын дипломдорун жана илимий даражаларды өз ара таануу жөнүндө макулдашууга кол коюу мүмкүнчүлүгү каралган.

Андан тышкары Кыргызстандын аймагында Өзбекстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын филиалдарын ачуу, эки өлкөнүн билим берүү системаларынын ортосунда тажрыйба алмашуу, ректорлордун форумун уюштуруу, билим берүү процесстерин санариптештирүү, студенттер үчүн виза алууда жана жашаган жери боюнча каттоодо көмөктөшүү маселелери талкууланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>