Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Москвада Кыргызстан менен Россиянын ИИМ башчылары жолугушту
15.05.2025 | 09:47
Кечээ Москва шаарында Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев менен Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков жолугушту. Жолугушуунун алкагында тараптар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын эскерип, Колокольцев кыргыз элинин согуштагы баатырдыгына жана салымына жогору баа берди.
Министрлер мыйзамсыз миграция, кибер кылмыштуулук, наркотрафик, эл аралык издөө жана башка коопсуздук маселелери боюнча пикир алышты.
“Тараптар КМШнын ИИМ министрлер кеңешинин алкагында жемиштүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.
Кеңештин кезектеги жыйыны 2025-жылдын август айында Санкт-Петербург шаарында өтөт”,-деп билдиришти КР ИИМден.
Рубрики: Жаңылыктар