Коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойтКыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюштуАксыда жерлерди жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүү фактысы боюнча иш козголдуӨкмөт ФПОго туташууга милдеттүү бизнес түрлөрүнүн тизмесин кеңейттиНарында мыйзамсыз курулуп жаткан бетон заводу аныкталды
Кыргызстан менен Сейшел Аралдары визасыз режим тууралуу макулдашты
04.05.2026 | 16:00
Кыргызстан менен Сейшел Аралдары кыска мөөнөткө болуу үчүн визасыз кирүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Документке эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери — Жээнбек Кулубаев менен Барри Фор Бишкекте кол коюшту. Режим өз ара шартта эки өлкөнүн жарандарына жайылтылат.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле айыл чарба, туризм, билим берүү, санариптик башкаруу жана климаттык күн тартиби чөйрөлөрүндө соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты.
Сейшел Аралдарынын ТИМ башчысынын Кыргызстанга сапары эки тараптуу мамилелердин тарыхында биринчи жолу болуп өттү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом