Кыргызстан менен Тажикистандын ички иштер министрлери жолугушту

Кыргызстан менен Тажикистандын ички иштер министрлери жолугушту

Кыргызстан менен Тажикистандын ички иштер министрлери Согди облусунда жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде Кыргызстандын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Тажикистанга рамий иш сапары менен барган. Анын алкагында тажикстандык кесиптеши Рахимзода Рамазон Хамронун менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ички иштер органдарынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуусуна тиешелүү болгон маселелер талкууланган. Баткен облусу менен Согди облусунун чек арага чектеш региондорунда коопсуздук менен туруктуулукту камсыздоо максатында бирдиктүү күч-аракеттерди  жумшоо керектиги айтылган.

Андан соң эки өлкөнүн ички иштер министрлери башында турган атайын кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда кеңири чөйрөдөгү  жолугушуу орун алган.

Ошондой эле кылмыштуулук, терроризм,  экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү жана эки тараптын кызыкчылыгын көздөгөн актуалдуу маселелер талкууланган.

Ички иштер министрликтердин чек арага чектеш региондорундагы ички иштер органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин ортосундагы байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулган.

Макулдашуунун жыйынтыгы кылмыштуулук менен күрөшүүнүн бардык багыттары боюнча кызматташтыкты ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыктарлыгын жана көп жылдык ишмердүүлүктүн укуктук негиздерин бекемдөөгө даярдыгын дагы бир жолу тастыктаганы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>