Кыргызстан менен Тажикстан дагы 24 чакырым чек ара тилкесин макулдашты

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 24 чакырым чек ара тилкесин макулдашты

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Бустон шаарында болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Анда чек аранын 24,01  чакырым тилкеси боюнча макулдашып, протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев Reporter.kg’ге Лейлек районуна караштуу аймактар боюнча сүйлөшүү жүрүп жатканын айткан.

Октябрь айында Министрлер кабинети Кыргызстан менен Тажикстан  57 чакырым, ноябрь айында 17,98 чакырым тилке боюнча тил табышканын кабарлаган. Июнь айында Эмомали Рахмондун маалымат кызматы, чек аранын 102 чакырымы макулдашылганын билдирген.

Ага чейин эки өлкө 980 чакырымдын 664 чакырым тилкеси боюнча талаш жоктугун ырасташкан.

Ташиев кыргыз-тажик чек арасы тууралуу: Бир нече принципиалдуу чечимге келдик (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>