Трамп менен Си Цзиньпиндин Пекиндеги жолугушуусу — ушул тапта белгилүү болгон башкы жагдайлар

14.05.2026 | 10:37

Пекинде Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпин менен Кытайга күн мурун келген АКШнын президенти Дональд Трамптын сүйлөшүүлөрү өтүп жатат.

Белгилей кетсек, сапардын алдында Трамп кытай лидери менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биринчи кезекте кесиптешинен америкалык компаниялардын иштөөсү үчүн Асман алдындагы өлкөнүн (Кытайдын) эшигин «ачууну» суранарын убада кылган. Ал ошондой эле аны америкалык ири компаниялардын жетекчилери, анын ичинде Хуанг, Маск, Кук, Boeing компаниясынын президенти Келли Ортберг, Goldman Sachs банкынын башкы аткаруучу директору Дэвид Соломон жана BlackRock компаниясынын башчысы Ларри Финк коштоп барарын белгилеген.

Сүйлөшүүлөр башталгандан кийин Трамп Си Цзиньпинди «улуу лидер жана дос» деп атады.

«Сиздин досуңуз болуу мен үчүн чоң сыймык жана Кытай менен АКШнын ортосундагы мамилелер мурдагыдан да жакшы болот», — деди Трамп.

Өз кезегинде КЭР төрагасы Си Цзиньпин Пекин менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерде «Фукидид тузагын» алдын алуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Кытай менен АКШ “Фукидид тузагы” деп аталган тоскоолдукту жеңип өтүп, улуу державалардын ортосундагы мамилелердин жаңы моделин түзө алабы… Бул — тарых, дүйнө жана элдер тарабынан коюлган суроолор», — деди кытай лидери.

Си Цзиньпин ошондой эле соода согуштарында жеңүүчүлөр болбой турганын билдирди, анын сөздөрүн Кытайдын Борбордук телевидениеси келтирүүдө.

Анын айтымында, Кытай менен АКШнын соода-экономикалык мамилелеринин негизи өз ара пайдага жана өз ара утушка (эки тарапка тең пайдалуу болууга) таянат.

Эки өлкөнүн соода-экономикалык мамилелерине токтолгон Си Цзиньпин, пикир келишпестиктер жана тирешүүлөр шартында тең укуктуу консультациялар (сүйлөшүүлөр) Кытай менен АКШ үчүн жалгыз туура тандоо болуп саналат деп баса белгиледи.

Кытай лидери жолугушуунун жүрүшүндө Тайвань маселеси боюнча Пекиндин позициясын эске салып, Тайвань кысыгындагы тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо — Кытай менен АКШнын ортосундагы эң маанилүү орток чекит экенин белгиледи.

«Тайвандын көз карандысыздыгы жана Тайвань кысыгындагы тынчтык бири-бирине төп келбейт (айкалышпайт)», — деди Си Цзиньпин. Анын бул сөздөрүн Кытайдын Борбордук телевидениеси таратты.

Scroll to Top