Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Кыргызстан Орусиядагы элчиси Путинге ишеним грамотасын тапшырды
04.07.2019 | 10:54
Орусиянын президенти Владимир Путинге ишеним грамотасы тапшырылды. Аны Путинге Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов ыйгарды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады..
Маалыматка ылайык, Путин дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчыларынын алдында Кыргызстан менен болгон мамиле стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мүнөздү алып жүргөндүгүн белгилеп өттү. ЕАЭБдин алкагында Кыргызстан менен өз ара кызматташып жатканын да белгиледи.
“Кыргызстанга март айында болгон мамлекеттик иш сапар соода-экономикалык, аскердик-техникалык, гуманитардык жана башка тармактарда кызматташуу үчүн жаңы дем берди”, – деген Орусиянын лидери.
Рубрики: Жаңылыктар