Кыргызстан Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү кайра жандандырууну каалайт

28.07.2026 | 17:41
Кыргызстан Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү кайра жандандырууну каалайт — Новости Кыргызстана

2026-жылдын 28-июлунда Кыргызстан–Өзбекстан бизнес-форумуна даярдыктын алкагында Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин делегациясы менен жолугушту. Делегацияны министрдин орун басары Кахрамон Юлдашев жетектеди.

Тараптар агроөнөр жай комплексиндеги кыргыз-өзбек кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, өзгөчө өсүмдүк өстүрүү, күрүччүлүк, үрөнчүлүк жана картошка өстүрүү тармактарына көңүл бурушту. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун сыноо, селекциялык материалдар менен алмашуу жана биргелешкен илимий изилдөөлөр боюнча оң динамика белгиленип, Кыргызстанда чыгарылган беденин үрөнүн жана сертификатталган үрөндүк картошканы Өзбекстанга экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, жолугушууда фитосанитардык коопсуздук, чегарага жакын аймактарда чегирткелерге каршы биргелешкен мониторинг жүргүзүү, ошондой эле Кыргызстандын агрардык секторун минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо маселелери талкууланды. Кыргыз тарап Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди узак мөөнөттүү жана үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашуунун аракетин кайра жандандырууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар агрардык тармактагы кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого, илимий-техникалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.

Scroll to Top