Юстиция министрлиги адвокаттардын ишинен кемчиликтерди аныктап, Этика боюнча комиссиядагы катышуусун убактылуу токтотту

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Адвокатуранын Этика боюнча комиссиясынын ишмердүүлүгүнө жана адвокаттарга карата дисциплинардык өндүрүштүн учурдагы тартибине талдоо жүргүздү. Министрликтин маалыматына ылайык, иш №126 буйруктун негизинде Адвокатура менен биргеликте жүргүзүлгөн. Буга жарандардын, мамлекеттик органдардын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын адвокаттардын аракеттерине байланыштуу даттанууларды кароо натыйжалуулугу боюнча кайрылуулары негиз болгон.
Талдоонун жыйынтыгында дисциплинардык өндүрүштү өркүндөтүү зарылдыгы аныкталды. Атап айтканда, кайрылууларды кароодо бирдиктүү ыкмалардын жоктугу, айрым жол-жоболордун жетишсиз жөнгө салынышы, мыйзамдын айрым жоболорун ар түрдүү колдонуу, ошондой эле кайрылууларды арыз ээлеринин жүйөлөрүнө ар тараптуу баа бербестен, формалдуу негиздер менен жыйынтыктоо учурлары аныкталган.
Ошондой эле иш кагаздарын жүргүзүүдө жана архивдик материалдарды түзүүдө кемчиликтер, мындан сырткары мыйзамдын 81-беренесинин 5-пунктунда каралган маалыматтарды жана документтерди талап кылуу боюнча комиссиянын ыйгарым укуктары жетиштүү деңгээлде колдонулбаганы белгиленген.
Ошол эле учурда Юстиция министрлиги Этика боюнча комиссияны адвокаттык өз алдынча башкаруу системасында сактап калуу зарыл деп эсептей турганын билдирди. Министрликтин пикиринде, бул адвокаттык ишмердүүлүктүн көз карандысыздыгын камсыздоонун маанилүү кепилдиги болуп саналат. Бирок комиссиянын натыйжалуу иштеши үчүн ачык-айкын жол-жоболор, бирдиктүү практика, талапка жооп берген иш кагаздарын жүргүзүү жана ар бир кайрылууну калыс кароо камсыздалышы керек.
Министрлик Адвокатурага комиссиянын иш методологиясын биргелешип өркүндөтүүнү, дисциплинардык жол-жоболорду тактоону, кайрылууларды кароонун бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгууну, ошондой эле 2026-жылдын 1-январынан тартып каралган дисциплинардык иштердин практикасына кошумча талдоо жүргүзүүнү сунуштады.
Макулдашылган ыкмалар иштелип чыкканга чейин Юстиция министрлиги өз өкүлдөрүнүн Этика боюнча комиссиянын ишине катышуусун убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Министрликтин маалыматына ылайык, бул чара тараптарга калыптанган практикага биргелешип баа берип, кийинки кадамдарды аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Министрлик аныкталган көйгөйлөрдү Адвокатура кесиптик өз алдынча башкаруу механизмдеринин негизинде жөнгө салат деген ишенимин билдирип, конструктивдүү кызматташууга даяр экенин белгиледи. Ошол эле учурда адвокатура жана адвокаттардын дисциплинардык жоопкерчилиги тууралуу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иштер улантылары айтылды.
Ошондой эле Юстиция министрлиги эгер азыркы практика өзгөрбөсө, дисциплинардык өндүрүштүн учурдагы моделин өзгөртүү, анын ичинде Этика боюнча комиссиянын ыйгарым укуктарын министрликтин карамагына өткөрүп берүү маселеси караларын эскертти.