Кыргызстан Париждеги Олимпиада оюндарына канча жолдомо алат?
Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.
Жыйында депутат Эмил Жамгырчиев: “30 лицензия алабыз деп эмнеге таянып айтып жатасыздар? Анализ жүргүздүңөрбү?”, – деп сурады.
Канат Шабданбаев ар бир федерация менен жолугушуулар өткөрүлүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин айтылган болжолдуу сан экенин айтты.
“Учурда спорттун 11 түрүнөн 26-27 лицензия жана паралимпиада оюндары боюнча 2-3 лизенция алабыз деп болжолдоп жатабыз. Ошондо жалпы 30 лицензия болот”, – деди Спорт департаментинин директору.
Депутат өлкөдөгү федерациялардын санын сурап, ич ара реформаларды жүргүзүү керектигин айтып, “бизде чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерация бар, ал кандай жыйынтык берүүдө?”, – деп сурады.
Канат Шабданбаев учурда 93 федерация катталганын айтып: “Анын 12си улуттук спорт жана 42си олимпиадалык эмес спорттун түрлөрүнө кирет. Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерация олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Жаңы эле ачылды. Азырынча эч кандай натыйжа бере элек”, – деп жооп берди.
Жыйында депутаттар “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда карап жатышат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз