Кыргызстан Париждеги Олимпиада оюндарына канча жолдомо алат?  

Кыргызстан Париждеги Олимпиада оюндарына канча жолдомо алат?  

Кыргызстан 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына 30 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев билдирди.

Жыйында депутат Эмил Жамгырчиев: «30 лицензия алабыз деп эмнеге таянып айтып жатасыздар? Анализ жүргүздүңөрбү?”, — деп сурады.

Канат Шабданбаев ар бир федерация менен жолугушуулар өткөрүлүп, сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндөн кийин айтылган болжолдуу сан экенин айтты.

“Учурда спорттун 11 түрүнөн 26-27 лицензия жана паралимпиада оюндары боюнча 2-3 лизенция алабыз деп болжолдоп жатабыз. Ошондо жалпы 30 лицензия болот”, — деди Спорт департаментинин директору.

Депутат өлкөдөгү федерациялардын санын сурап, ич ара реформаларды жүргүзүү керектигин айтып, “бизде чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерация бар, ал кандай жыйынтык берүүдө?”, — деп сурады.

Канат Шабданбаев учурда 93 федерация катталганын айтып: “Анын 12си улуттук спорт жана 42си олимпиадалык эмес спорттун түрлөрүнө кирет. Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей боюнча федерация олимпиадалык спорттун түрүнө кирет. Жаңы эле ачылды. Азырынча эч кандай натыйжа бере элек”, — деп жооп берди.

Жыйында депутаттар “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда карап жатышат.

Олимпиада жеңүүчүлөрүнө 10 млн сом сый акы берүү сунушталды

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>