Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалды

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалды

Мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу, ошондой эле республиканын кесиптик бирликтер системасындагы мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлады.

Маалыматка караганда,  көптөгөн мыйзам бузуу фактылары боюнча, чогултулган материалдардын жана Эсептөө палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен кылмыш иши козголгон.

Белгиленген фактылардын бири катары Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мурдагы төрагасы М.А. кызмат адамдары, жеке адамдар жана башка белгисиз адамдар менен коррупциялык байланышка барып 5 миллион 756 миң 700 сомдук ишенип берилген мүлктү ыйгарып алганы такталган. Ошондой эле жеке баюу максатында кыймылсыз мүлк жана финансылык каражаттарга карата мыйзамсыз иш-аракеттеринин башка фактылары аныкталган.

Мындан тышкары тергөөнүн жүрүшүндө М.А. төрагалык кызматка шайлануу максатында бул кызматка шайлоодо коюлган талаптарга жооп берүү үчүн эмгек китепчесине керектүү жазууларды жасалмалаганы аныкталган.

Анын үйүнүн жер төлөсүн тинтүү учурунда электрондук аппараттар — майнинг фермалар табылган, анын мыйзамдуулугу да тергөөнүн алкагында текшерилет.

Иш боюнча чогултулган төгүндөлгүс далилдердин негизинде мурдагы төрага М.А. жана анын орун басары В.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул кылмыш ишинин алкагында аныкталган кылмыштарды жасоого тиешеси бар бардык адамдардын бетин ачууга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлөт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>