Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Кыргызстан Тайванды Кытайдын жери деп тааныйт
04.08.2022 | 10:24
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосинин Тайванга жасаган сапарына байланыштуу билдирүү жасады.
Билдирүүдө Кыргызстан Тайвандын айланасында болуп жаткан окуяларга тыкыр көз салып турганы, кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн Тайвань аралында чыңалуу тез арада басыларына, тынчтык жана туруктуулукка жетүүсүнө үмүт артары айтылат.
“Кыргызстан “Тайвань маселе” боюнча өз позициясы өзгөрбөстүгүн, кыргыз-кытай документтеринде көрсөтүлгөн “бирдиктүү Кытай” саясатын колдой турганын билдирет”, – деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Нэнси Пелоси Тайванга 2-августта барган. Бул сапар алдында Кытай бийлиги Пелосинин Тайванга келишине катуу каршылыгын көрсөтүп, эскертүү жасаган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом