Бишкекте жолдорду кеңейтүү: 13 тилкенин ээсине 40,7 млн сом бөлүндүБишкекте жасалма интеллект, финансы жана блокчейн боюнча эл аралык форум өтөтМанас шаарында курулуп жаткан жаңы муниципалдык базар декабрда ишке берилетКыргызстан менен Вьетнамдын курамалары бүгүн жолдоштук беттеш өткөрөтКыргызстандын эл артисти Роза Аманова Түркияда эл аралык сыйлыкка татыдыМинистрлер Кабинети парламентке 2027-жылдын бюджетинин долбоорун тааныштырды
Кыргызстанда коронавирусту уу-коргошун менен дарылоо токтоду
31.05.2021 | 14:03
Кыргызстанда коронавирусту уу-коргошун менен дарылоо жыйынтыкталды. Бул тууралуу парламенттин комитетинин отурумунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Ал депутаттын суроосуна жооп берип жатып, уу-коргошун менен дарылоо токтогонун айтты.
“Каражат иммунитетти көтөрөт, коронавирус менен жабыркагандардын ооз көңдөйүндөгү жаман нерселерди тазалайт”, – деди Алымкадыр Бейшеналиев.
Анын айтымында, уу-коргошун ракты дарылоодо оң таасирин тийгизет, 4чү даражадагысын да: “Шишик өспөйт”, – деген министр.
Рубрики: Жаңылыктар