Ошто iPhone 14 телефонун мыйзамсыз алып келе жаткандар кармалды

Ошто iPhone 14 телефонун мыйзамсыз алып келе жаткандар кармалды

Ош облусунда Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келген Iphone 14 Pro жана Iphone 14 Pro Max телефондору кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик Бажы кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Достук» чек ара бекетинде бажы текшерүүсү учурунда Кыргызстандын Н.Ж. жана Россиянын Т.Г. аттуу жарандарынын сумкасында 14 даана Iphone 14 Pro жана 10 даана Iphone 14 Pro Max телефондору табылган. Алардын тиешелүү документтери болгон эмес.

Телефондордун баасы 3 млн 61,7 миң сомду түзгөн.

Аталган факт каттоого алынып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>