ЖЭБ кырсыгы. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалы айтылды

ЖЭБ кырсыгы. Түркияга жөнөтүлгөн бейтаптардын абалы айтылды

Бишкек ЖЭБдеги авариядан жана аскердик тик учактын кулашынан улам жабыркаган 4 кыргызстандык Адана шаарындагы түрк ооруканасында дарылоонууну улантып жатышат. Бул тууралуу ТИМ маалымдады.

Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугу Адана мамлекеттик илимий ооруканасынын дарыгерлерине шилтеме берип билдиргендей, бейтаптар өздөрүн канааттандырарлык сезип калышты.

Ошондой эле, алардын жалпы абалы орточо деп бааланып, жакшыра баштаганы байкалууда.

Ал эми кыргызстандык дипломаттар бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп, жакындары жана  түрк ооруканасынын дарыгерлери менен тыгыз байланышта болушууда. Аталган маселе Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, 2-февралга караган түнү ЖЭБде авария болгон. Жарылуудан беш адам жабыркап, алардын экөө денесинин 80% жана 90% күйүк алышкан. 3-февралда алар Түркиядагы адистештирилген клиникага которулган. Ал эми 17-январда борбор калаанын батыш жагында Ми-8 МТВ тик учагы кулап, бир учкуч каза таап, борттогу калган кызматкерлер ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>