Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Кыргызстан жана Орусия “үзгүлтүксүз” мобилдик операторду ишке киргизишет
07.08.2026 | 11:12

Кыргызстанда жана Орусияда “үзгүлтүксүз” (бесшовный) мобилдик операторду ишке киргизүү пландалууда. Бул кызмат биринчи кезекте Орусияда иштеп жаткан кыргызстандыктар арасында чоң суроо-талапка ээ болот. Бул тууралуу Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ОКӨФ) башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков билдирди.
Анын айтымында, долбоорду «Beeline Кыргызстан» жана «Билайн Орусия» компаниялары ОКӨФтүн каржылык колдоосу менен ишке ашырышат. Долбоордун алкагында эки оператордун мобилдик байланыш кызматтары, акча которуулары жана санариптик сервистери бириктирилет.
Абоненттер Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда ары-бери жүргөндө SIM-картасын алмаштырууга муктаж болбойт деп болжолдонууда. Бул эки өлкөдө тең көнүмүш байланыш кызматтарынан жана санариптик сервистерден тоскоолдуксуз пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Новиковдун айтымында, келечекте ушуга окшош долбоорду Өзбекстан жана Тажикстанда да ишке ашыруу пландалууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Кыргызстан, Орусия