Кыргызстан фармацевтикалык хабга айланышы мүмкүн — «МедФарм Консалтинг» компаниясынын жетекчиси

07.08.2026 | 11:23
Кыргызстан может стать фармацевтическим хабом — глава МедФарм Консалтинг — Новости Кыргызстана

«МедФарм Консалтинг» ЖЧКсынын башкы директору Айзада Арзыматова VII Кыргыз-Россия экономикалык форумунда саламаттык сактоо тармагын мындай иш-чараларда өзүнчө панелдик сессия катары кароону сунуштады.

Анын айтымында, акыркы убакка чейин бизнес-форумдарда саламаттык сактоо темасы энергетика, жеңил өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактардын көлөкөсүндө калып келген. Бирок тармактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен аны өзүнчө талкуулоо кыйла натыйжалуу болорун белгиледи. Мисал катары ал ШКУнун инвестициялык форумунда өткөн саламаттык сактоо боюнча панелдик сессияны келтирди. Анын жыйынтыгында медициналык калдыктарды кайра иштетүү боюнча реалдуу долбоор иштелип жатат. Ошондой эле кыргыз-өзбек форумундагы саламаттык сактоо сессиясынан кийин Өзбекстандын Dentafill компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын саламаттык сактоо министри менен жолугушкан. Учурда тараптар медициналык буюмдарды жергиликтештирүү жана дары-дармектерди толук өндүрүш цикли менен чыгаруу боюнча эки долбоордун үстүндө иштеп жатышат.

Арзыматова Кыргызстандын фармацевтикалык кооперация үчүн артыкчылыктарына да токтолду. Анын айтымында, өлкө ВСП+ (GSP+) режиминен пайдаланып, Европа рыногуна бажы төлөмүсүз түз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ошондой эле Кыргызстан ЕАЭБдин мүчөсү болгондуктан, ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн таңгактоочу материалдарга жана чийки затка нөлдүк бажы алымы колдонулат. Ал белгилегендей, эгер өлкөдө жок дегенде дары-дармектерди таңгактоо уюштурулса, мыйзам боюнча бул өндүрүштүн бир бөлүгү болуп эсептелет. Натыйжада «Кыргызстанда жасалган» деген келип чыгуу сертификатын алып, Европа рыногуна жеңилдетилген шарттар менен чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Тармактагы учурдагы абалга токтолгон Арзыматова Кыргызстанда азырынча ири фармацевтикалык өндүрүүчүлөр жок экенин белгиледи. Ошол эле учурда мамлекет дары-дармек коопсуздугуна көбүрөөк көңүл бура баштады. Тактап айтканда, «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы үч жылдык мөөнөткө алдын ала заказ түзүүдө. Анын айтымында, тармактык мекеме менен биргеликте өндүрүштү жергиликтүү аз сандагы өндүрүүчүлөрдүн ортосунда номенклатура боюнча бөлүштүрүү схемасы иштелип чыккан. Бул ар бир ишканага кепилденген сатуу рыногун камсыздап, бир эле продукция боюнча атаандашууну азайтат.

Ал өзүнчө медициналык туризмдин мүмкүнчүлүктөрүнө да токтолду. Арзыматованын айтымында, учурда көптөгөн кыргызстандыктар дарылануу үчүн Түркияга жана Индияга барышат. Ошол эле учурда Ысык-Көлдүн жээги заманбап медициналык клиникаларды өнүктүрүүгө жана Өзбекстан менен Казакстандан бейтаптарды тартууга ылайыктуу аймак боло алат.

Арзыматованын пикиринде, Кыргызстан Россия үчүн да, ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр, анын ичинде Өзбекстан үчүн да фармацевтикалык хаб боло алат. Ал келерки жылы Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунда ушул багыттагы конкреттүү долбоорду сунуштоону сунуштады.

Scroll to Top