КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Ош аэропортунда норка терисин мыйзамсыз алып кирүү аракети бөгөттөлдү
07.08.2026 | 11:00

Ош шаарындагы эл аралык аэропорттон норка терисинен жасалган буюмдарды жана терилерди өлкөгө мыйзамсыз алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматында, Орусиянын Новосибирск шаарынан келген жарандын эки сумкасын текшерүү учурунда норка терисинен жасалган 109 баш кийим, ошондой эле 161 норка териси табылган. Товар тиешелүү коштомо документтери жок ташылып келингени аныкталган.
Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлүп жатканы айтылды.
Теги: Ош, Салык кызматы