Кыргызстан жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ооруларынан таза аймак деген эл аралык макамды алууну көздөөдө

24.05.2026 | 15:49
встреча минздрава в париже

Парижде КР Ветеринария кызматынын директору Адилет Сотовалдиевдин Жаныбарлардын саламаттыгын сактоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун (ЖСБДУ) башкы директорунун орун басары Баба Сумаре менен жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы республикадагы эпизоотиялык абал жана өлкөнүн ветеринардык бакубаттуулугун дүйнөлүк деңгээлде таануу маселеси болду.

Тараптар Кыргызстандын шарп оорусунан (вакцинацияны колдонуу менен) жана жылкылардын африкалык чумасынан таза аймак статусун алуусу үчүн расмий досье даярдоо маселесин талкуулашты. ЖСБДУнун өкүлү кыргыз тараптын аракеттерине жогору баа берип, эл аралык эксперттерди жигердүү тартуу сертификациялоо жана документтерди тапшыруу процессин бир топ жеңилдетерин белгиледи.

Аквакультураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду: кыргыз тарап республикада тармактын алдыңкы эксперттеринин катышуусунда масштабдуу эл аралык семинар өткөрүүнү сунуштады. Бул ата мекендик фермерлерге балык өстүрүүнүн заманбап технологияларын өздөштүрүүгө жана продукцияны андан ары экспорттоо үчүн анын сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Scroll to Top