Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
«Ынтымак» командасы Таласта көк бөрү боюнча Жеңиш кубогун жеңип алды
24.05.2026 | 11:52

Таласта көк бөрү боюнча «Жеңиш кубогу — 2026» масштабдуу республикалык турнири жыйынтыкталды. Мелдештер өлкөнүн эң күчтүү командаларын чогултуп, жергиликтүү команданын өз үйүндөгү жеңиши менен аяктады.
Башкы кубок үчүн болгон финалдык беттеште «Ынтымак» жана «Намыс» кездешти. Оюн 4:2 эсебинде «Ынтымактын» пайдасына аяктады. Үчүнчү орунду «Сары-Өзөндү» 4:1 эсебинде жеңген «Достук» командасы алды. Ошондой эле турнирдин алкагында эл аралык жолдоштук беттеш өттү: Таластын жаштар курамасы Казакстандын Шымкент шаарынан келген теңтуштарын 10:2 эсебинде талкалады.
Жеңүүчүлөр ири өлчөмдөгү байге фондун бөлүшүштү. Биринчи орун үчүн «Ынтымак» 1,5 миллион сом, күмүш байге ээси «Намыс» — 1 миллион сом, ал эми коло медаль ээси «Достук» — 500 миң сом алды.