Бишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылдыСадыр Жапаров Армения менен транспорттук кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин билдирди
Кыргызстан Жапониядан 2,26 млн доллар кайтарымсыз жардам алат
02.08.2023 | 19:01
Кыргызстан Жапониядан 2,26 млн доллар кайтарымсыз жардам алат. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Жапониянын ортосунда JDS долбоору боюнча Алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюлду.
Тиешелүү документке Каржы министринин орун басары Руслан Татиков жана Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года кол койду.
Макулдашуунун алкагында жапон өкмөтү Кыргызстандын министрлер кабинетине “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча” стипендиялык программанын (JDS) долбоорун ишке ашырууга 2,26 млн доллар өлчөмүндө акысыз жардам көрсөтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз