Керектөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдүБишкекте Шакиранын концертине байланыштуу айрым көчөлөр жабылды
Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөө алынды
02.08.2023 | 19:30
Бүгүн, 2-августта саат 16:00до Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелге киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады.
“Тоннелге асфальт басылып, электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси, тоннелдин бетон плиталарын жана эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрдү”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом