Кыргызстанда 1,88 чакырым аралыкка веложарыш өтөт

Кыргызстанда 1,88 чакырым аралыкка веложарыш өтөт

Кыргызстанда Silk Road Mountain Race 2023 эл аралык веложарышы өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, веложарыштын катышуучулары 12-августта Каракол шаарынан жолго чыгып, Эӊилчек – Саруу – Жууку ашуусу – Нарын – Кел-Суу – Баетов – Казарман – Соӊ-Көл – Кегети – Чоӊ-Кемин – Көк-Айрык ашуусу багыты боюнча жүрүп, жарыш 26-августта Чолпон-Ата шаарында аяктайт. Жарыштын катышуучулары жалпы 1 миң 880 чакырым жолду басып өтөт.

Silk Road Mountin Race веложарышы 2018-жылдан бери Туризм департаментинин жана ата-мекендик туристтик компаниялардын колдоосу менен өткөрүлүп келет. Бул жарышка жылда 30дай өлкөдөн 200дөн ашык турист катышат.

Быйылкы веложарыш Туризм департаментинин жана британиялык SRMR компаниясынын колдоосу менен өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>