Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марлен Маматалиев менен болгон талаштан кийин кечирим сурадыБишкекте асма метро куруу мүмкүнчүлүгү каралуудаБишкектин бир бөлүгүндө 23-октябрда ичүүчү суу убактылуу токтотулатУлуттук банк эки төлөм уюмуна 6,2 млн сом айып пул салдыКыргызстандагы 25 мектепке «Starlink» спутниктик интернетинин терминалдары тапшырылдыКыргызстанда балдардын онкологиясына бөлүнгөн каржылоо беш жылда үч эсе өстү
Сауд Арабия кыргызстандыктарга электрондук виза бере баштайт
07.08.2023 | 17:09
Сауд Арабия электрондук визаны сегиз өлкөнүн жарандарына берүүнү чечти. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм министрлигине таянып Arab News билдирди.
Маалыматка ылайык, бул мамлекеттерге Азербайжан, Албания, Грузия, Кыргызстан, Мальдив аралдары, Тажикстан, Өзбекстан жана Түштүк Африка кирген.
Жогорудагы өлкөлөрдүн жарандары зыярат визасын электрондук түрдө же падышалыктын аэропортторунун бирине келгенде тапшыра алышат.
Бул визаны туризм, умра, тууган-урук, досторду зыярат кылуу, ошондой эле бизнес максаттары үчүн колдонсо болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз