Өкмөттүн мурдагы кызматкери депутат болууну көздөөдө

Өкмөттүн мурдагы кызматкери депутат болууну көздөөдө

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоого катышууну каалагандардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-августта дагы бир жаран — Илимбек Аттокур уулу шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз таштаган.

Илимбек Аттокур уулу буга чейин өкмөттүн отурумдарын уюштуруу жана регламент бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган, президенттин аппаратында иштеген. Учурда убактылуу иштебейт

Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:

  1. Эртай Искаков
  2. Аскар Алмаз уулу
  3. Эркин Бөлөкбаев
  4. Роман Ремнев
  5. Турсунбай Бакир уулу
  6. Куттубек Асылбеков
  7. Назарбек Нышанов
  8. Сулайман Мамаев
  9. Токтогул Какчекеев
  10. Жаныбек Абиров
  11. Русланбек Тагаев
  12. Бакыт Шаршембиев
  13. Нургүл Сооронбаева
  14. Мурат Эсенаманов
  15. Ыргал Кадыралиева
  16. Ханзада Осмоналиева
  17. Жамалбек Ырсалиев
  18. Илимбек Аттокур уулу

Белгилей кетсек, 2-августта БШК Жаныбек Абировду депутаттыкка талапкер кылуудан баш тарткан.

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Аны өткөрүүгө бюджеттен 13 млн 208,8 миң сом кетет.

Быйыл 28-майда Бишкектин Ленин райондук шайлоо аймагы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. Бул шайлоо Жаныбек Абиров мандатын тапшыргандан кийин өткөрүлгөн. 27-мартта Абиров мушташтын айынан мандатын тапшырууну чечкенин билдирген. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы анын арызын кабыл алып, аны мандатынан ажыраткан.

28-майда өткөн шайлоодо Дамира Ниязалиева эң көп добуш алган. Бирок ал добуш сатып алууга шектелип, анын талапкер катары каттоосу жокко чыгарылган. Ошондой эле, аталган шайлоодо экинчи орунду алган талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелип жатканы кабарланган. Добуш сатып алуу фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, Ленин районунда кайра шайлоо өтө турган болгон.

Жокко чыгарылган шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 18,5 млн сом жумшалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>