Кыргызстанда 652 мектепте ысык тамак берилбейт

Кыргызстанда 652 мектепте ысык тамак берилбейт

Бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңеште Кыргызстандагы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусуна багытталган мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Кыргызстанда 652 мектепте ысык тамак берилбейт экенин айтты.

«Бирок ал мектептерде таттуу токоч жана чай берилет. Учурда бардык мектепти ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат», — деп маалымат берли ал.

Надира Жусупбекованын айтуусунда, таттуу токоч жана чай  берилген мектепте бир окуучуга 7сом кетет. Ал эми грант катары бөлүнүп жаткан каражат заманбап жабдууларга жана ашпозчуларды окутууга сарпталат. Тамактын сапатын ата-энелер жана Саламаттык сактоо министрлиги текшерүүгө алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>