Бишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү«Ата-Бейит» мемориалдык комплексин өнүктүрүү боюнча ачык сынак жарыяланды
Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү 5 сабактан аттестациядан өтөт
15.05.2023 | 16:56
Кыргызстанда мектептин 9 жана 11-классынын окуучулары 5 сабактан аттестациядан өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, быйыл окуу жылы 25-майда аяктайт. Андан кийин июнь айында 9 жана 11-классынын окуучулары 5 сабактан сынак тапшырат.
9-класстын окуучулары 2-19-июнь күндөрү 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана тандоосу боюнча 1 сабактан аттестациядан өтөт.
- 2023-жылдын 2-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
- 2023-жылдын 7-июну – эне тилинен, дилбаяндын элементтери менен баяндама;
- 2023-жылдын 12-июну – кыргыз тилинен (орус, өзбек жана тажик тилинде окутулган класстарда) жана орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө);
- 2023-жылдын 15-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
- тандалган предмет боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп – лицейлер, мектеп – гимназиялар, окуу – тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).
11-класстын окуучулары 2-20-июнь күндөрү 5 предметтен, анын ичинен 4 милдеттүү жана тандоосу боюнча 1 сабактан аттестациядан өтөт.
- 2023-жылдын 2-июну – эне тили жана адабияты, эссе;
- 2023-жылдын 7-июну – математика/алгебра, комплекстүү тест жазуу түрүндө;
- 2023-жылдын 12-июну – Кыргызстандын тарыхы, оозеки;
- 2023-жылдын 16-июну – кыргыз тили (орус, өзбек жана тажик тилдеринде окутулган класстарда) жана/же орус тилинен (окутуу кыргыз тилинде окутулган класстарда, комплекстүү тест жазуу түрүндө).
- тандалган предметтер боюнча (сабакты (сабактарды) тереңдетип окуткан мектеп-лицейлер, мектеп-гимназиялар, окуу-тарбиялык комплекстер, эксперименттик аянтчасы бар мектептер үчүн профилдик предмет боюнча базалык көлөмдөн тышкары өтүлгөн темаларын, бөлүмдөрүн эске алуу менен кошумча сынакты жана анын өткөрүү убактысын жалпы билим берүү уюму өз алдынча белгилейт).
Ошондой эле, 15-майдан 24-майга чейин 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн сабактан тышкаркы убакта дене тарбия предмети боюнча зачет өткөрүлөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом