«Ак-Кула» ат майданында ат чабыш өттү. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

«Ак-Кула» ат майданында ат чабыш өттү. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

13-май күнү Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданында 9-май Улуу Жеңиш майрамына карата кыска аралыкка ат чабыш боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалым болгондой, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадыгы диплом, медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылган. Мелдештин байге фонду 180 миң сомду түздү.

Кыска аралыкка (1200 метрге) чабылган кунандар:

  1. Рамазан аттуу кунан. Ээси Ниязов Руслан, саяпкери Керекечев Сыймык, чабандеси Абдрасулов Аскар. Чүй облусу (25 000 сом).
  1. Гулистан аттуу кунан. Ээси Болотов Бекмырза, саяпкери Абил уулу Арген, чабандеси Абдраманов Элшат. Чүй облусу (15 000 сом).
  1. Лидер аттуу кунан. Ээси Махсудинов Кайрат, саяпкери Кушкеев Азамат, чабандеси Абдраманов Дилшат. Жалал-Абад, Токтогул (10 000 сом).

Кыска аралыкка (1600 метр) чабылган быштылар:

  1. Нуркыз аттуу бышты. Ээси Саматов Жыргалбек, саяпкери Сыргак уулу Изат, чабандеси Абдраманов Дилшат. Жалал-Абад, Токтогул (30 000 сом).
  1. Соң-Көл аттуу бышты. Ээси Мамбетов Марлен, саяпкери жана чабандеси Сатаров Турат. Талас облусу (20 000 сом).
  1. Валерон аттуу бышты. # 54 Жылкы заводуна таандык, саяпкери Шерматов Мыктыбек, чабандеси Аскар Абдрасулов. Ысык-Көл облусу (10 000 сом).

4 жаш жана андан жогору жаштагы кыска аралыкка (1800 метр) чабылган күлүктөр:

  1. Кардиналбарс. «Асанбек ата» Жылкы заводуна таандык, саяпкери Жеңишбек Батыркулов, чабандеси Адыл. Ысык-Көл облусу (35 000 сом).
  1. Ак Бата. «М. Каракетов» Жылкы заводуна таандык, саяпкери Жайчыбеков Нурлан, чабандеси Кокшунов Рыскелди. Чүй облусу (25 000 сом).
  1. Эйджел Спирит. Ээси жана саяпкери Олег Рубас, чабандеси Аскар Абдрасулов. Чүй облусу (10 000 сом).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>