Кыргызстанда акыркы сутка 92 адамдан илдет аныкталып, бир адам каза болду

Кыргызстанда акыркы сутка 92 адамдан илдет аныкталып, бир адам каза болду

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде дагы 92 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 12, Ош – 2, Чүй облусу – 7, Ош облусу – 15, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 32, Жалал-Абад облусу – 3, Баткен облусу — 14

Өлкө аймагында буга чейин илдетти жуктургандардын жалпы саны 44 миң 227ге жетти.

Ал эми соңку суткада республика боюнча 252 адам илдеттен сакайып, ооруканадан чыгарылды. Жалпы вирустан айыккандардын саны 39 миң 452.

Ошондой эле акыркы суткада бир адам коронавирустан каза болду. Ал Баткен облусунун тургуну болгон. Кыргызстанда бүгүнкү күнгө чейин илдеттен 1 миң 61 адам көз жумду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>