Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус дагы 179 адамдан тастыкталды. Бул тууралуу брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
COVID-19 U07.1 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 39, Ош – 8, Чүй облусу – 17, Ош облусу – 24, Талас облусу – 1, Нарын облусу – 3, Ысык-Көл облусу – 39, Жалал-Абад облусу – 26, Баткен облусу – 22.
Бүгүнкү күнгө чейин коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 42 миң 325ге жетти.