Кыргызстанда алтын кенди өлкөдөн ташып чыгууга тыюу салынат

Кыргызстанда алтын кенди өлкөдөн ташып чыгууга тыюу салынат

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандан алтын камтыган руданы жана концентратты ташып чыгарууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын негизинде Кыргызстандын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык, 2023-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана алтын камтыган концентратты (ЕАЭБ ТЭИ ТН 2616 90 000 0 коду менен классификацияланган) өлкөдөн ташып чыгарууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленүүдө.

«Кара-Балта тоо-кен комбинаты» ачык акционердик коомуна Кыргызстанда казып алынган жана өндүрүлгөн алтын камтыган руданы жана концентратты кайра иштетүүгө өзгөчө укук берилүүдө.

Мамлекеттик бажы кызматы УКМКнын Чек ара кызматы бул жарлыкта көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгарууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүшү зарыл.

Министрлер кабинетине белгиленген тартипте убактылуу тыюу салууну 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып ар бир алты айда узартып туруу тапшырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>