Электр энергия үчүн түнкү жана күндүзгү тариф киргизүү пландалууда

Электр энергия үчүн түнкү жана күндүзгү тариф киргизүү пландалууда

Энергетика министрлиги Кыргызстанда электр энергиясына түнкү жана күндүзгү тарифтерди киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, эсептегичтерди чыгаруу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек ишканасын ачуу программасынын алкагында буга чейин тариф саясатына өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

«Жаңы эсептегичтер күнү-түнү тарифти карайт. Эртеби-кечпи биз ушундай төлөмгө өтөбүз. Бүгүнкү күндө бул тажрыйба айрым санаторийлерде колдонулат. Түнкүсүн электр энергиясын пайдалануу арзан, күндүзү кымбат. Бул санаторийлерде кечкисин нан бышырып, кир жуушат. Мындай тариф бизнесмендер үчүн пайдалуу болмок. Тигүү цехтери, нан бышыруучу цехтер жана башка ишканалар бул тарифке өтмөк», — дейт Таалайбек Ибраев.

Министр кошумчалагандай, электр энергиясын эң көп керектелген убак саат 18.00дөн 21.00гө чейин жана 7.00дөн 11.00гө чейин деп эсептелет.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>