Бишкекте казак сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылат

Бишкек шаарында казакстандык сүрөтчүлөр Умирали Исмаилов менен Мажит Байтеновдун «Улуу талаа уламыштары» аттуу көргөзмөсү ачылат. Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде 15-майдан 31-майга чейин өтөт.
Маданият министрлигинин маалыматында, көргөзмөгө сүрөтчүлөрдүн 60тан ашык эмгеги коюлат. Экспозиция түрк элдеринин тарыхын, маданий мурасын жана уламыштарын чагылдырган абстракттуу живопись, символдук композициялар жана декоративдик графиканы камтыйт.
Умирали Исмаилов — Казакстандын маданият ишмери, Сүрөт академиясынын вице-президенти. Анын эмгектери заманбап живопись менен абстракттуу экспрессионизмди айкалыштырат.
Мажит Байтенов — Казакстан Сүрөт академиясынын академиги, искусство таануу доценти. Анын чыгармачылыгы символизмге жана түрк дүйнөсүнүн тарыхый мотивдерине негизделген.